Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Парламентке жаңы депутат келди
14.02.2024 | 16:59
Борбордук шайлоо комиссиясы Саидбек Зулпуевге Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын ыйгарды. Ал “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын өкүлү Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна келди.
Саидбек Зулпуев 55 жашта. 2021-жылы шайлоодо 3 миң 542 добуш алган. Жогоруда аталган партиянын талапкерлеринин тизмесинде 17 орунда турган.
1997-жылдан 2021-жылга чейин Финансы министрлигинин аймактык жана борбордук башкармалыктарында иштеген.
БШК бүгүнкү жыйынында Боронбаевдин мандатын тапшыруу боюнча арызын канааттандырды.
“Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты мандатын тапшырат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат