Аида Исмаилова Түштүк Кореянын президентинин инаугурациясына катышып, селфиге түштү

Аида Исмаилова Түштүк Кореянын президентинин инаугурациясына катышып, селфиге түштү

10-майда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова республиканын жаңы шайланган президенти Юн Сок Ёолдун ант берүү аземине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Салтанат Кореянын «Улуттук ассамблеясынын (парламент) алдындагы аянтта өттү»-деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага атайын чакыруу менен Түштүк Кореянын мурдагы президенттери Мун Чжэ Ин жана Пак Кын Хе, чет өлкөдөн келген ардактуу коноктор, Сеулда аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле 41 миңге жакын адам катышты.

Инаугурация аземинен кийин ардактуу коноктор, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери үчүн расмий кабыл алуу уюштурулду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>