Air China Пекин — Бишкек — Пекин багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачат

«Кыргызстандын аэропорттору» ААК эл аралык каттамдардын географиясы кеңейип жатканын билдирди. Кытай Эл Республикасынын улуттук авиакомпаниясы Air China Пекин — Бишкек — Пекин багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачат.
Аэропорттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, каттамдар заманбап Airbus A321 учактары менен жумасына үч жолу — дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
«Air China авиакомпаниясынын Кыргызстан рыногуна чыгышы өлкөнүн жарандык авиациясы үчүн маанилүү окуя болду. Азиядагы эң ири авиаташуучулардын биринин келиши Кыргызстан дүйнөлүк алдыңкы авиакомпаниялар үчүн барган сайын жагымдуу багытка айланып жатканын тастыктап, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деп айтылат маалыматта.