Бишкекте баңгизат колдонгон абалдагы айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти

18.07.2026 | 10:59
Бишкекте баңгизат колдонгон абалдагы айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 17-июлунда болжол менен саат 10:30 чамасында 1987-жылы туулган Ш.Ш. аттуу жаран «BMW i7 xDrive60» үлгүсүндөгү автоунаасы менен 7-Апрель көчөсү аркылуу түштүк багытты көздөй бара жатып, ошол эле багытта бара жаткан «Honda Fit» жана «Hyundai Kona» үлгүсүндөгү автоунаалар менен кагышкан.

Андан соң айдоочу кыймылын улантып, «Changan» жана «Hyundai Sonata» үлгүсүндөгү автоунааларды сүзгөн. Кийин жолдун жээгине чыгып кетип, жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 2009-жылы туулган жашы жете элек М.А. ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле 1964-жылы туулган «Hyundai Kona» автоунаасынын айдоочусу Ж.К. медициналык жардамга кайрылган.

Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгына ылайык, «BMW i7 xDrive60» автоунаасынын айдоочусу баңгизаттык мас абалда (марихуана колдонгон) болгону аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.

Автоунаа атайын айып короо жайына токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бардык зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, аталган кылмыш үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бишкек ШИИББи айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана спирт ичимдиктерин же баңгизаттарды колдонгон абалда автоунаа башкарбоого чакырат.

Мас абалда унаа башкаруу айдоочунун гана эмес, жүргүнчүлөрдүн, жөө жүргүнчүлөрдүн жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат. Мындай аракеттер мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келип, оор, кээде кайгылуу кесепеттерге себеп болушу мүмкүн.

Scroll to Top