Кыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилди
Бишкекте 5-октябрда мектептер жана бюджеттик мекемелер онлайн иштейт
01.10.2026 | 14:44

Бишкек шаарында 5-октябрда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, ведомстволор, бюджеттик уюмдар жана билим берүү мекемелери онлайн-форматка өтөт. Бул тууралуу КР Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.
Мындай чечим 5-октябрда өтө турган жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу кабыл алынды. Иш-чарага 65 миңге чейин көрүүчү келери күтүлүүдө.
Буга байланыштуу борбор калаада транспорт агымы көбөйүп, жолдордо тыгындар жаралышы мүмкүн экени болжолдонууда.
Көчө-жол тармагына түшкөн күчтү азайтуу жана шаар тургундары үчүн жаралуучу ыңгайсыздыктарды алдын алуу максатында, бул күнү мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелеринин иши онлайн-режимде уюштурулат.
Бул кадам масштабдуу иш-чара өтүп жаткан күнү мекемелердин ишин жана окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай улантууга шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом