Айдоочулар «час-пик» учурунда тез-тезден каттоого милдеттендирилди

Айдоочулар «час-пик» учурунда тез-тезден каттоого милдеттендирилди

Коомдук транспорттун айдоочуларына «час-пик» учурунда каттоо мөөнөттөрүнүн аралыгын кыскартуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Джунусбаев шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынан жана шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен түзүлгөн комиссиялык топ менен биргеликте коомдук каттамдарга рейд жүргүзүштү.

«Вице-мэр эртең мененки саат 07:30да, жарандардын көбү жумушка же окууга шашып бараткан убакытта кичи автобустар менен троллейбустардын режимдерин текшерди. Ошондой эле, коомдук транспорттун экологиялык жана техникалык абалын текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынтыгында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, «час-пик» учурунда каттоо мөөнөттөрүнүн аралыгын кыскартуу тапшырмалары берилди»,- деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чара Ош шаарынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде уюштурулду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>