Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Эскертүү! Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда таш кулатуу иштери жүрөт
27.05.2022 | 17:03
“Кыргыз темир жолу” УК”МИ 2022-жылдын 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 129-чакырымында коркунуч жараткан (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөөрүн маалымдайт.
Жумуштар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом