Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарында 950 аккредитациядан өткөн журналист иштейтСалык кызматы салыктарды эсептик каттоого турган жер боюнча төлөө зарылдыгын эскерттиОштун эски базарынын ордуна маданий-туристтик комплекс курулатБишкекте теннис комплекси реконструкцияланатКыргызстанда туризм тармагындагы айлыктар 4 жылда дээрлик үч эсеге өстүБишкектин Ала-Тоо аянтында массалык мушташкан өспүрүмдөр кармалды
Айдоочулардын эсине! Ош — Бишкек жолуна чектөө кирди
31.10.2022 | 18:59
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн, 31-октябрь күнү Бишкек — Ош унаа жолунда бороон болуп жана жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 15:45тен тартып, Жайыл районунун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
“Урматтуу айдоочулар!
Алыскы сапарга чыккан учурда унаага керектүү дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, азык, дары кутучасы менен камсыз болуңуздар! Ошондой эле унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону унутпаңыздар!”- деп эскертти министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом