Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Ошто унаа жолдорунун жээгине мыйзамсыз курулган 25 объект аныкталды
18.08.2026 | 10:12

Ош облусунда унаа жолдорунун жээгине мыйзамсыз курулган соода жана тейлөө объектилери аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек–Ош жана Өзгөн–Кара-Кулжа жолдорунун боюнда тиешелүү уруксат кагаздары жок иштеп жаткан 25 объект такталган. Алардын катарында 11 жеңил типтеги дүкөн, 6 тез тамактануучу жай, 5 чарбалык дүкөн жана 3 чач тарач бар.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү тараптарга эскертүүлөр берилип, кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр тапшырылган.
Министрлик жеке жана юридикалык жактарды имараттарды жайгаштырууда курулуш ченемдерин жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Курулуш министрлиги, Ош