Айдоочуну атып салган кайгуул кызматкерине сот өкүмү чыкты

Айдоочуну атып салган кайгуул кызматкерине сот өкүмү чыкты

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча иште айыпталуучуларга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Абдыраевди ок атып өлтүрүүгө айыпталган Ж.Д. уулу (Жакупбек Дуулат уулу, Милициянын кайгуул кызматынын мурдагы кызматкери) соттун чечими менен адам өлтүрүүгө жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле, ал укук коргоо органдарында үч жыл иштей албайт.

Андан тышкары, сот башка айыпталуучулар Ю.С., А.Б. жана Э.Б. уулун (Юлия Сафонова, Абдималик Бекматов жана Эламан Базаркул уулу, Милициянын кайгуул кызматынын мурдагы кызматкерлери) кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлүү деп таап, 7,5 жылга эркинен ажыратты. Ошол эле учурда аларга 3 жылга пробациялык көзөмөл белгиленип, камактан бошотулушту.

Эскерте кетсек, окуя былтыр 27-августта Жибек Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милициянын кайгуул кызматкери жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарган. Алган жараатынан 32 жаштагы жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Ага байланыштуу шектүү катары кайгуул кызматкери Жакупбек Дуулат уулу камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>