Айгүл Жапарова Түптөгү жаңыланган мектептин ачылышына катышты

Айгүл Жапарова Түптөгү жаңыланган мектептин ачылышына катышты

Бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айылында №1 орто мектептин имараты модернизациядан кийин ачылды.

АРИСтен билдиришкендей,салтанаттуу иш-чарага биринчи айым А.Жапарова, Жогорку Кеңештин депутаттары А.Түмөнбаев, Ж.Кыдыкбаев, билим берүү жана илим министри К.Иманалиев, АРИСтин аткаруучу директору М.Наспеков, профессор И.Болжурова жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Мектептин имараты 1976-жылы курулган, андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, мектеп энергияны үнөмдөөнүн заманбап стандарттарына жооп бербегендиктен, жылытуу мезгилиндеги суук класстар окуу процессин ого бетер кыйындаткан. Оңдоо иштери 2022-жылдын май айында башталып, 2023-жылдын апрелинде аяктаган. 2022-жылдын май айында башталган оңдоо иштери АРИСтин инженерлеринин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, келишимде белгиленген мөөнөттө бүткөрүлгөн.

Бул объектини модернизациялоодо сейсмикалык туруктуулук күчөтүлүп, мектептин имараты жылуулуктан изоляцияланды, чатыры жылууланды, терезе-эшиктер жаңыларына алмаштырылды, электр керамикалык батарейкалары орнотулду, ванна бөлмөлөрү жаңыланды, желдетүү системасы жакшыртылды, рекуператорлор орнотулду. Белгилей кетсек, имаратты модернизациялоо менен эми электр энергиясы 40% үнөмдөлөт.

Бул өзгөчө энергетикалык ресурстардын жетишсиздигинин жана наркынын өсүшүнүн шартында маанилүү фактор болуп саналат, анткени мындай модернизация учурдагы кубаттуулуктарды сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшөт жана жергиликтүү бийлик органдарына акчаны үнөмдөөгө жана аны айыл тургундарынын башка муктаждыктарына багыттоого мүмкүндүк берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>