Эрназар Акматалиев эмнеге Азия чемпионатына катышкан жок? Жооп

Эрназар Акматалиев эмнеге Азия чемпионатына катышкан жок? Жооп

Кыргызстандын Эркин күрөш федерациясы Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатына эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев эмне себептен катышпаганын айтты.

Reporter.kg’ге окурман кайрылып, балбан Эрназар Акматалиевдин Азия биринчилигине катышпаганын себебин сураган. Белгилүү болгондой, 70 кг салмак ченде чемпионатка Орозобек Токтомамбетов катышты. Ал Азия чемпионатынын коло байгесин утту.

Эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев Reporter.kg’ге билдиргендей, Астанадагы мелдешке негизинен эркин күрөш боюнча улуттук кураманын экинчи курамы барган. Мындай чечимди машыктыруучулар штабы кабыл алган.

Бекбоев белгилегендей, Азия биринчилигине катышып жаткан балбандар быйыл жыл башында өткөн өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү болушат (өлкө чемпионатына Эрназар Акматалиев катышкан эмес). Аларга өлкө чемпиону катары ири мелдештерде күрөшүп, күчүн сыноого мүмкүнчүлүк берилген. Ал эми улуттук кураманын биринчи курамындагы балбандар, анын ичинде Эрназар Акматалиев башка ири мелдештерге катышат.

«Ал эми Эрназар Акматалиев, Алибек Осмоновдор Бишкекте өтө турган рейтингдик мелдешке, дүйнө чемпионатына катышат», — деди ал.

Эскерте кетсек, быйыл 1-4-июнда Бишкекте Каба уулу Кожомкул & Раатбек Санатбаев рейтингдик мелдеши өткөрүлөт. Аталган мелдеште быйыл сентябрь айында Белградда өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомолор берилет. Ошол эле учурда, Сербиядагы дүйнө чемпионатында келерки жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат.

Эркин күрөш. Кыргызстандын чемпиондору белгилүү болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>