Кызыл-Кыяда топ балдар милицияга таш ыргытты. Бир өспүрүм кармалды

Кызыл-Кыяда топ балдар милицияга таш ыргытты. Бир өспүрүм кармалды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында бейбаштык кылган топ балдардын уюштуруучуларынын бири аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 13-апрелге караган түнү Кызыл-Кыяда белгисиз топ балдар ызы-чуу салып, колдоруна таяк кармап, жол четинде токтоп турган автоунаалардын терезелерин таш менен ургулап, абалды турукташтыруу үчүн барган милиция кызматкерлерине да таш ыргытышкан. Ошол эле түнү 14 өспүрүм кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Аны менен бирге милицияга Кызыл-Кыя шаарынын 3 тургуну унааларына таш тийип, зыянга учурагандыгы боюнча арыз менен кайрылган.

Жогорудагы ээнбаштыкты уюштурууга шектелип 16 жаштагы Р.А. аттуу өспүрүм кармалган Ал жактоочусунун катышуусунда сурак берип, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Баткенде топ балдар милицияга таш ыргытып, асманга ок атылды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>