Аймактарга каттаган таксисттерге эскертүү берилди

Аймактарга каттаган таксисттерге эскертүү берилди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Авто бекеттерге барып, шаар ичи жана алыскы аймактарга каттаган маршурттук унаалардын айдоочуларына жана фирма жектекчилерине жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ЖКККББдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда, алыскы аймактарга каттаган таксилер кардарларды алууда жол жээктерине баш аламан токтотушуп, башка жол кыймылынын эрежелерине тоскоолдуктарды жаратуу менен жол эрежелерин одоно бузууда.

Ошого байланыштуу мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында комлекстүү түрдө иш-чараларды иштеп чыгуу, таксилер каттамга авто бекеттерден гана жарандарды алуу, техникалык жактан талаптарга жооп бербеген унааларды каттамга чыгарбоо, ошондой эле тийиштүү кызматтар менен биргеликте жол жээгиндеги жол белгилерин карап чыгуу, жетишпеген жол белгилерин жана жол чийиндерин жаңылоо, багытында тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштерди алып баруу тапшырмалары коюлду.

Ошондой эле коомдук транспорттор каттамга чыгуу учурунда сөзсүз техникалык кароодон жана наркология бөлүмүнөн текшерүүдөн өтүү керек экендиги эскертилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>