Жалгыздык өлүм коркунучун күчөтөт. Окумуштуулардын изилдөөсү

Жалгыздык өлүм коркунучун күчөтөт. Окумуштуулардын изилдөөсү

Харбинский атындагы медициналык университеттин окумуштуулары жалгыздык жана социалдык обочолонуу жашоонун узактыгын кыскартып, өлүмгө алып келген ооруларды пайда кылаарын айтышты, деп билдирет Lenta басылмасы.

Эксперттер дүйнө жүзү боюнча 2,2 миллиондон ашык адам катышкан 90 изилдөөнүн маалыматтарын изилдешкен. Социалдык жактан обочолонуп же өзүн жалгыз сезген бейтаптар ар кандай себептерден, анын ичинде рактан эрте каза болушкан.

Адистердин айтымында, бул мындай адамдардын туура тамактануу жана активдүү жашоо образын азыраак кармануусу менен байланыштуу. Мындан тышкары, социалдык обочолонуу сезгенүү жана алсыз иммундук система менен байланыштуу.

Мындай бейтаптар социалдык байланыштардын аздыгынан сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам ала алышпайт, дешет окумуштуулар. Изилдөөлөр кирешеси жогору өлкөлөрдө жүргүзүлгөн, андыктан кедей өлкөлөр үчүн жыйынтыктар туура болбошу мүмкүн, деп түшүндүрөт изилдөөчүлөр.

Эксперттер жалгыз бой адамдарга социалдык тармактарды ашыкча колдонуудан алыс болууну жана коомду ишерге катышууга кеңеш беришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>