Аймактык кеңешке шайлоо: Кайсы партиялар өттү?

Аймактык кеңешке шайлоо: Кайсы партиялар өттү?

Аймактык шайлоо комиссиялары 10-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Шайлоо Кара-Балта, Таш-Көмүр, Токтогул шаарларында жана 13 аймакта өткөрүлдү.

Добуш берүү үчүн 84 шайлоо тилкеси уюштурулган.

Жалпысынан 16 жергиликтүү кеңешке шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 157 миң 958 шайлоочу киргизилип, добуш берүүгө 52 миң 363 адам катышып, 33,15 пайызды түздү.

Үч шаардык кеңештерде депутаттык мандаттардын жалпы саны 93 депутат, 13 саясий уюмдан 827 талапкер катталган.

Кара-Балта шаардык кеңешке 6 партия өттү:

«Ыйман Нуру»;

«Күчтүү коом — Сильное общество»;

«Ишеним»;

«Эламан»;

«Альянс»;

«Кыргызстандын социал-демократтары».

Таш-Көмүр шаарында депутаттык мандат үч саясий партияга бөлүштүрүлдү:

«Жаштар»;

«Ынтымак»;

«Ата Журт Кыргызстан».

Токтогулда жети партия жеңди:

«Тынчтык»;

«Мекен ынтымагы»;

«Ата Журт Кыргызстан»;

«Эл үмүтү»;

«Ынтымак»;

«Бирге — Вместе»;

«Ишеним».

АШКнын протоколдору менен 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы аныкталган. Бардыгы болуп 243 депутат болсо, анын 95и аял.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык комиссиялардын чечимдерине нааразы болгондор үч күндүн ичинде БШКга даттанышса болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>