Тазалык кызматкерлери ишке кайтты

Тазалык кызматкерлери ишке кайтты

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кайрадан кызматтык милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров алар менен жолугуп, жумушчулардын бардык суроолорун укту.

Буга чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Азат Сагынов ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалган. Жаңы жетекчи болуп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин пенсионери Султан Алыбаев дайындалды.

Тазалык кызматкерлери (негизинен жүк ташуучу унаалардын айдоочулары) жумушка келбей, ишкананын аймагында митингге чыгышкан. Алар иштин чоо-жайын билбеген жетекчилерди тез-тез алмаштырып жатышканын айтышкан. Кызматкерлер да айлыкты кармап, унаа оңдоого акча бөлбөй жатканын билдиришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>