Жапаров Ысык-Көл мейманканасы боюнча: Жакшы иш жасасаң да, жаман иш жасасаң да жакпайсың

Жапаров Ысык-Көл мейманканасы боюнча: Жакшы иш жасасаң да, жаман иш жасасаң да жакпайсың

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың». Мындай пикирди президент Садыр Жапаров Ысык-Көл мейманканасынын тегерегинде болуп жаткан кептерге карата Фейсбук баракчасына жазды.

«Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? Ысык-Көл мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап, тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот», — деп жазган өлкө башчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>