Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарындагы Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинде жеңишке жетти.
76кг салмакта күрөшкөн Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашты.
Беттештин биринчи бөлүгүндө атаандаштынын пассивдүүлүгү үчүн Медет кызына 1 упай берилип, ал 1:0 эсебинде алдыга чыкты.
Экинчи бөлүктө калыс Айпери Медет кызынын пассивдүүлүгү үчүн Бакбергеновага 1 упай берип, эсеп теңелди. Эгер беттеш ушундай эсеп менен аяктаганда акыркы упай алган Жамиля Бакбергенова жеңүүчү болмок. Бирок Медет кызы 4 упай ыкма жасап, алдыга чыга алды.
Беттеш 5:1 эсебинде аяктап, Айпери медет кызы жеңишке жетти.
Professional Wrestling League уюму 2022-жылы Россияда Poddubny Wrestling League деген ат менен түзүлгөн. Былтыр атын өзгөрткөн. Бул мелдеште балбандар бир беттеш өткөрүп, жеңүүчү аныкталат.
Бул уюм түзүлгөндөн бери 7 жолу мелдеш уюштурулуп, алардын бири Бишкекте өткөн.