Айпери Медет кызынын уунаасын токтоп турган жеринен салып кетти

Айпери Медет кызынын уунаасын токтоп турган жеринен салып кетти

Кыргыз спортчусу Айпери Медет кызынын унаасын Ю. Абдырахманов көчөсүндөгү «Кабар» агенттигине жакын аймакка туура эмес жерге токтотуп койгон жеринен айып короосуна алып кетти. Бул маалымат социалдык тармакка тарады. Ал эми  Reporter.kg′ге Милициянын кайгуул кызматы эгер спортчу кыздын унаасы айып короого токтотула турган болсо эмне кылышы керектигин айтып берди.

Кайгуул кызматынын маалыматына караганда, ал жерде токтоого болбойт деген жол белгиси бар. Ошол жерде туура эмес токтоп койгон авто унаалар ээси жок болсо кайгуул кызматкерлери эвакуатор менен жүктөп кетет. Ал унаалар “Ак-Жолтой” убактылуу токтотуучу айып короо жайына түшүрүлүп токтотулат.

“Эгерде бул спортсмен кызыбыздын унаасын алып кетсе “Ак-Жолтой” унаа токтотуучу жайда болот. Ал жерте тийштүү айып пулун төлөп алып кетсе болот. Ал бетте биз спортмендерибизди сыйлайбыз. Бирок мыйзам астында баарыбыз бирдей экендигин эскертебиз”- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Кабар” маалымат агенттигине журналисттер үчүн басма сөз жыйын курууга келген болчу. Буга чейин  бул маалымат социалдык тармакта тараган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>