Айрым мыйзамдар англисче которулат

Айрым мыйзамдар англисче которулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигине Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте бир катар ченемдик укуктук актыларынын англис тилиндеги котормосун даярдоону тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул демилге чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргызстандын мыйзамдары жөнүндө зарыл жана маанилүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана өлкөнүн инвестициялык климатына оң таасирин тийгизет.

Чечимге ылайык, Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жана Салык кодекстери, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдар жана инвестиция жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар англис тилине которулат.

Документтер которулгандан кийин тексттер Министрлер кабинети тарабынан таанылган расмий котормо катары бекитилет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>