8-октябрь: Ошто жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйтКурулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырды
Жогорку Кеңешке дагы бир жаңы депутат келди
02.02.2024 | 13:01
Борбордук шайлооо комиссиясы Элдар Абакировду депутат катары каттады. Абакиров «Альянс» cаясий партиясынын катарынан депутаттыкка талапкер болгон.
Абакировго депутаттык мандатты берүү тууралуу чечимге БШКнын 11 мүчөсү “макул” деп добуш берди. Ага депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырылды. Ал мандатынан ажыратылган Эмил Жамгырчиедин ордуна депутат болду. Жамгырчиев мандаттан бүгүнкү отурумда ажыратылды.
Абакиров 2016-2019-жылдары экономика министринин орун басары болуп иштеген.
Белгилей кетсек, бүгүн «Альянс» cаясий партиясынан атынан дагы бир талапкер – Айсулуу Мамашова депутат болуп катталды.
Эскерте кетсек, Эмил Жамгырчиев «чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө» шектелүүдө. Ал 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом