«Айсулуу, Мээрим, Айпери, Акжол» — деген ысымдар ымыркайларга көп коюлду (ТИЗМЕ)

«Айсулуу, Мээрим, Айпери, Акжол» — деген ысымдар ымыркайларга көп коюлду (ТИЗМЕ)

Олимп оюндарынын байгелүү оюнчуларынын урматына  миңден ашуун жаңы төрөлгөн наристелерге алардын ысымдары ыйгарылган. Бул туурасында Санариптик өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда,  Токио  Олимп оюндардын байгелүү оюнчулары Акжол Махмудовдун, Айсулуу Тыныбекованын жана Мээрим Жуманазарованын урматына  жаңы төрөлгөн наристелерге  алардын ысымдары көбүрөөк ыйгарыла баштаган.

414 наристеге Акжол, 323 — Айсулуу, 374 – Мээрим жана 279 наристеге Айпери ысымдары берилген. Ошондой эле октябрь айында Айсулуу, Мээрим жана Айпери Медет кызынын урматына үч эм кыздарга  да алардын ысымдары ыйгарылган.

Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова 2021-жылдын Олимпиадалык оюндардын күмүш байге ээлери болушса Мээрим коло медалдын ээси.

Айпери Токиодо 5-орунду ээлеп, 2021-жылы дүйнө чемпионатында коло медалын алса, кийинчерээк 23 жашка чейинки спортчулардын арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>