Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова тоо арасында ажайып сүрөттөрүн социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады.
Ошондой эле ал бул кийимдерге, “байыркы уздардын салтын бузбастан, кыргыз элине эзелтеден тааныш болгон тигүүнүн уникалдуу технологиясын — кабып тигүү ыкмасын колдонот. Сонун ыкма менен тигилген жибек кездеме калыбын көпкө чейин жоготпойт жана бырышпайт. Бир канча кылымдар мурунку ата-бабаларыбыздын кийимдерине берилген стилдүүлүк суктандырат! Андан бүтүндөй муундарды, тарыхты басып өткөн көрктүүлүк (сулуулук) менен кайраттуулук сезилип турат” деп жазган.
Тыныбекова Токио Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси.