Жаныбек Абиров: Депутаттардын убадага бек болуп, аны аткарууну жеке мисал менен көрсөтөм!

Жаныбек Абиров: Депутаттардын убадага бек болуп, аны аткарууну жеке мисал менен көрсөтөм!

Жаныбек Абиров кыргыз саясатчыларынын жаңы муунунун көрүнүктүү өкүлү. Ал жаш, билимдүү жана демилгелүү. 32 жашында эле коомчулукта чоң кадыр-баркка ээ болду. Кандай иш жасабасын ийгиликке жетет. Ал жан дүйнөсү менен Мекен үчүн күйүп-жанып турат. Парламентке мекендештердин көйгөйлөрүн чечүү үчүн ат салышууда.

Жаныбек Абиров шайлоочуларды тынчсыздандырган маселелер боюнча жана алдыдагы шайлоо аркылуу парламентке татыктуу адамдарды алып келүүнүн мааниси тууралуу ой бөлүштү.

 

Элдин кызыкчылыгы үчүн

— Жаныбек Болотбекович, сиз жашсыз, бирок ага карабай саясат айдыңында чоң тажрыйба топтой алдыңыз. Бул чөйрөгө кантип аралашып калдыңыз?

— Дайыма мамлекеттин, коомдун көйгөйлөрү мени ойлондуруп, алардын чечилишине өз салымымды кошкум келди. Бала кезимден эле башкаларга жардам бергенди жакшы көрчүмүн. Мен эс тартып, билим алып, башка тармактарда иштеп жүрүп, саясатчы катары калыптандым.

Менин эки билимим бар. Бири «юриспруденция», экинчиси «менеджмент» адистиги боюнча окугам. 2016-жылы Бишкек шаардык кеңештин депутаты болуп шайландым. 2018-жылдан 2021-жылга чейин шаардык кеңештин төрагасы болдум. Жогорку Кеңеште иштөө үчүн бышып, жетилдим.

— Акыркы жылдары борбор калаа өзгөрдү: чоң парктар ачылды, жаңы жолдор жана веложолдор салынды, коомдук транспорттун саны көбөйдү. Мунун баары сиздин ишиңиздин жыйынтыгыбы?

— Бул жамааттын эмгегинин жемиши. БШКнын депутаты жана спикери катары мен, албетте, бардык ири долбоорлорго активдүү катыштым. «Жал» кичи районунан жана эски аэропорттун аймагынан шаардык кеңешке депутат болуп шайланып, бул аймактарга өзгөчө көңүл бурдум. Бардык чечимдер элдин кызыкчылыгы, мыйзамдуулуктун так сакталышы үчүн ар дайым объективдүү жана акыл-эстүү болууга аракет кылдым.

Мен Бишкек шаардык кеңеште көп иштерди жасадым, бирок андан да көптү кыла алмакмын. Бир топ кызыктуу долбоорлор айтылып жатты, бирок бюджеттин тартыштыгынан улам кийинкиге жылдырууга туура келген. Ошол эле учурда БШКнын ыйгарым укуктары чектелүү, бул кээде ишке чоң тоскоол болгон. Элге, мамлекетке көбүрөөк пайда алып келүү үчүн Жогорку Кеңеште иштеш керек экенин түшүндүм.

 

Нон-стоп режиминде иштөө

— Үгүт кампаниясынын жүрүшүнө канааттандыңызбы?

— Мен күткөндөн да жакшы болду. Алгач сөздү өзүмдүн командам менен бирге жүргүзгөн үгүт иштери боюнча айтайын. Командамдын курамында менин пикирлештерим – Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүн каалаган, бул үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр жаш, билимдүү балдар-кыздар бар.

Ленин району – борбордогу эң чоң район. Ага көптөгөн калктуу конуштар, кичи райондор жана кварталдар кирет. Биз алдыбызга оор тапшырманы — ар бир үйгө барып, ар бир тургун менен таанышууну койгонбуз. Натыйжада бир айдын аралыгында көптөгөн көчөлөрдү жөө кыдырдым. Мен үчүн ушундай форматта иштөө өтө маанилүү болчу. Анткени эл менен бетме-бет сүйлөшүп, пикир алышуу парламенттин келечектеги ишмердүүлүгүнө негиз түзөт. Көптөгөн жашоочулар мени колдошту, көпчүлүгүбүздүн көз караштарыбыз дал келип, пикирибиз бир жерден чыкты. Жаштарга жол бере турган учур келди деген сөздү көп жолу уктум.

Үгүт маалында провокациялар болду. Бирок мен жана менин командам аларды татыктуу көтөрдүк. Өткөн жумаларда болгон окуялардын баары өзүбүзгө болгон ишенимибизди бекемдеди.

— Шайлоочулар кандай маселелерди көтөрүштү?

— Ленин районунда мектептер, бала бакчалар, фельдшердик-акушердик пункттар жана спорттук объектилер жетишсиз. Көпчүлүк калктуу конуштардын инфраструктурасы жолго салынган эмес (жакшы жолдор жана скверлер аз), коомдук транспорт жана канализация жок. Дагы башка көйгөйлүү маселелер — булар пенсиянын аздыгы жана жумуш орундарынын жетишсиздиги.

Аталган маселелерди буга чейин деле билчүмүн, анткени өзүм ошол райондо жашайм, эл сыяктуу ошол эле көчөлөр менен жүрөм, кошуналар жана башкалар менен сүйлөшөм да.

— Бул маселелерди чечүүнүн жолун билесизби?

— Албетте. Парламентке барсам, муниципалитет, шаардык кеңеш жана Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгы менен өз ара аракеттенүүгө басым жасайм. Республикалык жана жергиликтүү деңгээлде бюджетке түшүүдө салыктарды натыйжалуу бөлүштүрүү негизги милдеттердин бири болуп саналат. Биз Бишкектин жаңы башкы планынын үстүндө иштейбиз. Калктуу конуштарды өнүктүрүү — суу менен камсыз кылуу түйүндөрүн, жарык жана канализацияны модернизациялоо, жолдорду, саламаттык сактоо, билим берүү жана маданий объектилерди куруу үчүн каржылоону көбөйтөбүз. Экологияны коргоо боюнча иштейбиз, жашыл аймактардын аянтын кеңейтебиз жана газдаштыруу боюнча ишти жигердүү жүргүзөбүз.

Эң актуалдуу милдеттердин бири — жаштарды иш орундары менен камсыз кылуу. Кыргызстандыктар жакшы жашоо издеп чет өлкөгө кетпеши керек! Ар бир билимдүү адам Мекенден эле оңой жумуш таап алгыдай шарттарды түзүү керек. Ушул максатта бизнеске көмөк көрсөтүү программасын иштеп чыгып, ишке ашырсам деп жатам, шаарларда жаш ишкерлерди колдоо борборлорун ачсам дейм.

Мен айыл чарбасында экспортко багытталган долбоорлорду колдоого, мыйзамдык, салыктык, административдик, инвестициялык жана финансылык-кредиттик стимулдарды камтыган иш менен камсыз кылууну жөнгө салуунун натыйжалуу системасын иштеп чыгууга даярмын. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө шарт түзүп, кичи жана орто бизнести колдойбуз.

Калкты социалдык жактан коргоо менин программамдын маанилүү бөлүгү. Парламентте мен мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын көтөрүүнү, пенсияны жогорулатууну демилгелейм.

 

Элдик адам

— Адамдар шайлоодон жакшы натыйжа болоруна ишенеби?

— Баары эмес. Бирок биз үгүт иштеринин жүрүшүндө көптөгөн адамдарды ынандырдык. Алдыдагы шайлоолор аралаш система боюнча өтүп, депутаттардын бир бөлүгү бир мандаттуу округдар боюнча шайланат. Мунун негизинде буга чейинкидей партиялык тизме боюнча парламентке келгенге караганда, биру мандаттуун округдан келген депутат элге бир топ жакын болот. Шайлоочулар кимге добуш бергенин, ким менен байланышып, кимден убаданын аткарылышын талап кылаарын так билишет. Көрүнүп тургандай, бул система эмитен эле өз жемишин берүүдө – бир катар саясатчылар шайлоого катышкан жок. Анткени эл аларды билет. Ошол эле учурда эл арасынан чыккан карапайым адамдар биринчи жолу депутаттыкка ат салышууда. Мен өзүмдү ушул топтогу адамдарга кошом.

Депутат элдин пикирлеши, жолдошу болушу керек, аларды угуп, эл депутаты статусуна толук жооп бериши керек. Ошондуктан Жогорку Кеңешке депутат болгондон кийин биринчи кезекте Ленин районуна коомдук кабылдама ачам. Тургундар менен биргеликте беш жылдын ичинде иш жүзүндө эмнелерди жасаса болот, ошонун планын түзөбүз. Ал эми жасай турган иштер көп.

— Сиздин шайлоо алдындагы «Өзгөрүүлөрдүн мезгили келди» деген урааныңыз эмнени билдирет?

— Бактыга жараша, билимдүү, активдүү, чечкиндүү адамдардын жаңы мууну өсүп чыкты. Өз келечегин Кыргызстан менен байланыштыргандар, алар үчүн ар-намыс куру сөз эмес. Алар ачык-айкын иштөөгө даяр жана эл менен ачык диалог жүргүзүүдөн коркпогондор. Мындай адамдар азыр парламентке келсе, анда өлкө сөзсүз жакшы жакка өзгөрөт.

Урматтуу шайлоочулар, мен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы катары 5 жылдын ичинде «Жал», коңшу райондор, жалпы шаар үчүн көп иштерди жасадым. Мындай иштерди жалпы өлкө үчүн дагы жасайм.

Депутат болгондон кийин мен сиздерге жеткиликтүү болом деп убада берем. Биз тең укуктуу өнөктөштөр катары сиздердин демилгеңиздерди ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенебиз. Шайлоону көз жаздымда калтырбаңыз, провокацияга алдырбаңыз, добуштарды сатпаңыз, кыска мөөнөттүк пайда үчүн балдарыңыздын келечегин сатпаңыз! 28-ноябрь күнү шайлоо тилкесине барып, мени колдойсуздар деген үмүттөмүн. Мен өзүмдүн жеке мисалым менен депутаттар убадаларын аткарышарын далилдейм.

Жаныбек Абировдун бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги номери 9.

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбекович.

Нускасы: 1даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 25-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ахметбекова Асел Аширалыевна тарабынан төлөндү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>