Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону болду (видео)

Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону болду (видео)

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында атаандашын жеңип, Азиянын беш жолку чемпиону болду.

Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 12-апрелде килем үстүнө чыкты. Ал таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде өзбекстандык Дилфуза Айымбетова менен күрөштү. Тыныбекова беттештин биринчи бөлүгүндө 13 секунд ичинде атаандашын жеңип алды. 

Жарым финалда Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен күч сынашты. Беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Айсулуу Тыныбекова беттештин жүрүшүндө 2 баллдык ыкма жасап, упай алгандыктан, жеңиш ага берилди.

Ал эми финалда монголиялык Оркхон Пуревдорж менен күрөштү. Тыныбекова атаандашын 9:5 эсебинде утуп алды.

Эскерте кетсек, Тыныбекова буга чейин Азия биринчилигин төрт жолу уткан. Астанадагы жеңишинен кийин бешинчи ирет Азиянын чемпиону болуп жатат.

Айсулуу Тыныбекова — Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын, Азия оюндарынын алтын байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жана Азиянын беш жолку чемпиону. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси.

Тыныбекова Азия чемпионатында 13 секундда жеңишке жетти (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>