Азия чемпионаты: Тыныбекованын финалдагы атаандашы ким? (видео)

Азия чемпионаты: Тыныбекованын финалдагы атаандашы ким? (видео)

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында монголиялык Оркхон Пуревдорж менен күрөшөт.

Оркхон Пуревдорж 29 жашта. Ал 2017-жылы Парижде дүйнө чемпиону болгон (63 кг). 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия биринчилигин (62 кг) утуп алган. 2014-жылы Азия чемпионатынын күмүш байгесин алган (55 кг).

Айсулуу Тыныбекова — Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын, Азия оюндарынын алтын байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жана Азиянын төрт жолку чемпиону. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси.

Оркхон Пуревдорж Айсулуу Тыныбекованын эски атаандаштарынын бири болуп эсептелет. Алар буга чейин эл аралык мелдештердин финалында эки ирет күрөшкөн. 2016-жылы Астанада өткөн Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарына лицензия берген мелдештин финалында Тыныбекова монголиялык балбанды 10:5 эсебинде жеңип алган.

2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарынын финалында ал Айсулуу Тыныбекованы утуп, алтын байгеге татыган. Кийинчерээк ал кызытма колдонгону аныкталып, Оркхон Пуревдорж мелдештерден четтетилген. Ал эми, Азия оюндарынын алтыны Айсулуу Тыныбековага берилген.

2018-жылдагы Азия оюндарындагы беттештен кийин эки спортчу күрөшө элек.

Финалдык беттештер саат 18:00до башталат. Азия биринчилигин КТРК-Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 12-апрелде килем үстүнө чыкты. Ал таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде өзбекстандык Дилфуза Айымбетова менен күрөштү. Тыныбекова беттештин биринчи бөлүгүндө 13 секунд ичинде атаандашын жеңип алды. 

Жарым финалда Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен күч сынашты. Беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Тыныбекова беттештин жүрүшүндө 2 баллдык ыкма жасап, упай алгандыктан, жеңиш ага берилди.

Нонока Озаки Айсулуу Тыныбекованын «эзелки» атаандашы болуп саналат. Былтыр Тыныбекова ага эки ири мелдеште жеңилип калган. Биринчисинде Азия чемпионатынын финалында, экинчисинде дүйнө чемпионатынын жарым финалында утулган.

Тыныбекова эзелки атаандашын утуп, Азия чемпионатта финалга чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>