Дүйнө кубогу: Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары белгилүү болду

Дүйнө кубогу: Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары белгилүү болду

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) АКШда өтө турган Дүйнө кубогундагы атаандаштары белгилүү болду.

Айсулуу Тыныбекова курамына кирген дүйнөлүк команда чучу кулак тартылгандан кийин В тайпасына түшкөн. Ошондой эле, бул тайпага АКШ менен Кытайдын курамалары кирген.

Кытайдын курамасында 62 кг салмакта Сиюан Сун, ал эми АКШнын атынан Кайла Миракл менен Женнифер Рожерс күрөшөрү көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, Дүйнө кубогу 10-11-декабрда АКШнын Коралвилл шаарында өтөт. Анда кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашат.

Айсулуу Тыныбековадан тышкары, аталган мелдешке эркин күрөш боюнча балбандар Эрназар Акматалиев (70 кг) жана Арсалан Будажаповдор (79 кг) катышат. Алар да Дүйнө кубогунда дүйнөлүк курама команданын катарында күрөшөт.

Дүйнө кубогу – United World Wrestling уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү командалык мелдеш. Ал жылда Дүйнө чемпионатынан кийин өткөрүлөт. Ага Дүйнө биринчилигинде жалпы эсепте алдыңкы беш орунду ээлеген командалар, андан тышкары, алтынчы болуп ар кайсы өлкөнүн балбандарынан түзүлгөн дүйнөлүк команда катышат. Анын курамына кире турган спортчуларды уюм өзү тандайт.

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогуна катышат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>