Садыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачты

Президент Садыр Жапаров 12-октябрда Ош шаарындагы 2024-аскер бөлүгүнүн реконструкцияланган аскердик комплексинин ачылышына катышты. Анын аймагында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы жайгашкан. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Аземде сүйлөгөн сөзүндө президент мамлекеттик чек араларды бекемдөө, аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу жана аскердик инфратүзүмдү жаңылоо мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттери бойдон кала берерин билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары аскердик техника менен курал-жарактарды модернизациялоо, аскер бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, ошондой эле аскер кызматкерлеринин турак жай жана социалдык маселелерин чечүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.

Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы инженердик-техникалык каражаттар менен бекемделгенин кабарлады. Атап айтканда, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде атайын зым тосмолор орнотулган.

Президент бул иштерди аткарууга катышкан Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

«Мамлекеттик чек араны кайтарып, Ата Мекенди коргоо боюнча жооптуу миссияны татыктуу аткарып жаткан ар бир аскер кызматкеринин эмгегин жогору баалап, жоокерлерди колдоо жана сыйлоо максатында 30 миллион сом бөлүп бердим. Бөлүнгөн каражат белгиленген тартипте ар бир аскер кызматкерине толук жана калыс жеткирилиши керек», — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы чек араны бекемдөө иштери заманбап технологияларды колдонуу менен улантыла берерин кошумчалады.

Салтанаттуу аземден кийин президент аскердик комплекстин спорт залын, чек ара даңкы музейин, спорт шаарчасын, коменданттык ротаны жана жатаканасын көрүп чыкты.

Ошондой эле Жапаров бөлүктүн ашканасында аскер кызматкерлери менен бирге түштөнүп, ал жерде ага жуманын ар бир күнүнө ылайыкталган тамактануу рационунун үлгүлөрү көрсөтүлдү.
