Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогуна катышат

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогуна катышат

Кыргызстандык үч балбан 10-11-декабрда АКШнын Коралвилл шаарында өтө турган кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу United World Wrestling уюму билдирди.

Кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова (62 кг), ал эми эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев (70 кг) жана Арсалан Будажапов (79 кг) катышат. Алар аталган мелдеште дүйнөлүк курама команданын катарында күрөшөт.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Дүйнө кубогу – United World Wrestling уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү командалык мелдеш. Ал жылда Дүйнө чемпионатынан кийин өткөрүлөт. Ага Дүйнө биринчилигинде жалпы эсепте алдыңкы беш орунду ээлеген командалар, андан тышкары, алтынчы болуп ар кайсы өлкөнүн балбандарынан түзүлгөн дүйнөлүк команда катышат. Анын курамына кире турган спортчуларды уюм өзү тандайт.

Эрназар Акматалиев

Арсалан Будажапов

Быйыл Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова бешинчи орунду ээлеген, ал эми Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажапов коло байге тагынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>