Чүй камералык оркестри Нарын менен Жалал-Абадда концерт беретКыргызстанда айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды«Росатом» жана ӨКМ Таш-Көмүрдө 155 тоннага чейинки кооптуу химикаттарды зыянсыздандырат — кененирээкБишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордоштук мамилеси түзүлдүСадыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштадыДепутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштады
Айт намаз муфтият белгилеген мечиттерде гана окулат
12.05.2021 | 09:41
Быйыл Айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулбайт. Мындай чечим Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынган.
Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине ылайык, быйыл эски аянтында майрамдык айт намаз окулбайт. Айт намаз муфтият белгилеген мечиттерде гана санитардык эрежелерди сактоо менен окулат.
Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө таянсак, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, акыркы сутка ичинде гана 240 адамдан коронавирус жаңы табылса, 191 бейтап ооруну жеңип, 5 киши каза болгон.
Май айынын башынан бери инфекция 2 миң 138 адамдан аныкталып, 38 киши каза болгон.
Ал эми Орозо айт күнү 13-майга белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом