Былтыр 30-декабрга чейин «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоору боюнча 4 млрд 774 млн 777 миң сомго 8 миң 335 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Аталган долбоордун алкагында насыялар 3 категория боюнча берилген.
Анын ичинен:
— Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 1 млрд 210 млн 775 миң сомго 2 миң 939 насыя;
— Мал чарбачылык категориясы боюнча 2 млрд 438 млн 855 миң сомго 5 миң 21 насыя;
— Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча 1 млрд 125 млн 147 миң сомго 375 насыя.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз