АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бишкектин борборунда курулуп жаткан имараттан өрт чыкты — видео
15.08.2026 | 15:23

Бишкек шаарынын борборунда, Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, курулуп жаткан имараттын сырткы каптамасынан өрт чыккан.
Окуянын күбөлөрү социалдык тармактарга сүрөт жана видеолорду жарыялашты, андан өрт чыккан жерди коюу түтүн каптап турганын көрүүгө болот. Өрттү өчүрүүгө саат 14:50дө эки өрт өчүрүү бөлүмү (расчету) тартылган.
Өрт каптаган аянт, анын келип чыгуу себептери жана жабыркагандар тууралуу кошумча маалыматтар такталууда.