Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кызыл-Кыяда чет өлкөлүк жаран гашишин сатып жаткан жеринен кармалды — БМЖККК
18.08.2026 | 11:08

Кызыл-Кыя шаарында афган тектүү гашиш сатууга шектелип коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 1989-жылы туулган эркек киши узак убакыттан бери баңгизаттарды таратуу жана сатуу менен алектенип келген. Ал ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө гашиш сатып жаткан учурда кармалган.

Шектүүнүн жашаган жери боюнча кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлдү. Натыйжада ири суммадагы акча жана афган тектүү гашиш табылып, алынды.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.