«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндөАрабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттүКоомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайттыБишкектин 9 жана 10-кичи райондорунда 10-ноябрда суу болбойтКыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча меморандумга кол коюштуАксыда жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча иш козголду
Индонезиядагы жер титирөө: каза болгондордун саны 20га жетти
15.08.2026 | 15:10

Индонезиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 20га жетти. Бул тууралуу куткаруу кызматына шилтеме берүү менен ЖМКлар билдирди.
«Ишемби күнү Индонезиянын чыгыш жээгинде болгон күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөөнүн жана ондогон афтершоктордун (кайталанган силкинүүлөрдүн) кесепетинен кеминде 20 адам каза болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн Маумере порт шаарынын аймагынан табышкан. Ал жерде ошондой эле жабыркаган алты адам катталды, дагы экөө урандылардын астында калууда.
Ишембиге караган түнү Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) Индонезиянын Флорес аралына жакын аймакта жер титирөө болгонун кабарлаган. Анын күчү 7,7 баллды түзгөн.

Теги: землетрясение, Индонезия