Ош шаарынын 3026 жылдыгы белгиленди

05.10.2026 | 11:11
Ош шаарынын 3026 жылдыгы белгиленди — Новости Кыргызстана
Ош шаарынын 3026 жылдыгы белгиленди — иллюстрация
Ош шаарынын 3026 жылдыгы белгиленди — контекст события
Ош шаарынын 3026 жылдыгы белгиленди — фото 4
Ош шаарынын 3026 жылдыгы белгиленди — фото 5
Ош шаарынын 3026 жылдыгы белгиленди — фото 6

4-октябрда Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы стадиондо шаардын 3026 жылдыгы белгиленди. Шаар күнүнө арналган иш-чарага 30 миңден ашуун жаран катышты. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Иш-чарада Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов сөз сүйлөшүп, жарандарды шаар күнү менен куттукташты. Калаа башчысы Акаев өз сөзүндө президент Садыр Жапаров Ош шаарынын инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн кошумча 2 млрд сом бөлүп берүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Андан кийин шаар күнүнө арналган концерт болду. Анда шаардык маданият жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы даярдаган театралдаштырылган көрсөтүүлөр тартууланып, фейерверк атылды. Концертте Кыргызстандын жана Өзбекстандын ырчылары: JAX 02.14, Амирчик, Жийдеш Идрисова, Хамдам Собиров жана башка аткаруучулар ыр ырдашты.

Теги: Ош шаары
Scroll to Top