Бишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелет

02.10.2026 | 16:32
В Бишкеке на 10 дней ограничат движение по улице Абдрахманова — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 2-октябрынан тарта Бишкектеги Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн айрым тилкелеринде 10 күнгө жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу иштери жүргүзүлөт.

Мындай чечим тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен жана учурдагы жол кырдаалына байланыштуу кабыл алынган. Жол кыймылын чектөө курулуш иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон убактылуу чара болуп саналат. Курулуштун жүрүшүнө жараша жолдун жүрүү бөлүгүнүн тилкелери кезеги менен жабылат.

Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр Ж. Абдрахманов көчөсүндө курулуп жаткан мечиттин жанында жана Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркына жакын аймакта курулат.

Шаар тургундарынан жана борбор калаанын конокторунан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу жол белгилеринин талаптарын сактоо суралды.

Теги: мэрия
Scroll to Top