22-июнь: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөтОшто көчөнү кеңейтүүгө тоскоолдук кылган эки адам кармалдыКыргыз-герман ишкер кеңешинин отуруму сентябрда КРда өтөтТажикстанда компаниялардын кызматкерлерин жумуш ордунда көнүгүү жасоого милдеттендириштиЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 21-июнга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилешти
Ак-Буурага автоунаа менен кошо кулаган 4 жашар баланын жансыз денеси табылды
28.09.2020 | 10:23
Ак-Буурага 14 күн мурун автоунаа менен кошо түшүп кеткен 4 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү кечинде Ноокат районунда Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.
Унаадагы 3 адамдын ичинен бирөөсү; 46 жаштагы киши аман калып, жолдо бараткан унаанын жардамында Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми калган 2 адам, 64 жаштагы киши жана 4 жашар бала сууга агып кеткен.
14 күнгө созулган издөө иш чараларанын алкагында кечээ, 27-сентябрда 4 жашар баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар