Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен кетти
28.09.2020 | 10:04
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Орусияга жумушчу иш сапары менен кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.
Кыргызстандын делгациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.
Орусияда болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат