Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
“Ак илбирс” кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды
11.08.2022 | 10:33
“Ак илбирс” кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды. Бул жылы кино сыйлык X ирет тапшырылат.
Сыйлыкка 2020-2021-жылы тартылган бардык тасмалар ат салыша алат. Арыздар 30-августка чейин кабыл алынат.
Кино сыйлык 18 номинация боюнча берилет:
- «Мыкты тасма»;
- «Мыкты режиссёр»;
- «Мыкты сценарий»;
- «Мыкты оператор»;
- «Мыкты сүрөтчү»;
- «Мыкты композитор»;
- «Мыкты үн режиссёру»;
- «Мыкты монтаж»;
- «Эркектин мыкты ролу»;
- «Аялдын мыкты ролу»;
- «Мыкты даректүү тасма»;
- «Мыкты кыска метраждуу тасма»;
- «Көрүүчүлөр жактырган тасма»;
- «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
- «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
- «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»;
- «Борбор Азиянын мыкты актёру»;
- «Борбор Азиянын мыкты актрисасы».
Арыздын формасын бул шилтеме аркылуу көчүрүп алууга болот:
https://docs.google.com/…/1BShcoLZoPOJDzyd8uYvD…/edit…
Арыздары [email protected] дарегине жөнөтүү зарыл
Координатор – Саадат Казакбаева, +996(706) 190 201
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом