Жоокердин сабалышы: Кылмыш иши эмне үчүн токтотулду?

Жоокердин сабалышы: Кылмыш иши эмне үчүн токтотулду?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскерге чакырылган жоокери Бекзат Эсенбековду сабаган деп айыпталган прапорщик Т.Жаныбек уулуна карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук сотунун 8-августундагы чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмышты жасаган деп айыпталган Т.Жаныбек уулуна карата кылмыш иши токтотулган. Ал тараптардын жарашуусуна жана материалдык зыяндын ордун толтуруусуна байланыштуу болгон.

“Айыпталуучу Т.Жаныбек уулу анча оор эмес кылмыш жасаган деп айыпталган. Мындан тышкары, сот отурумунда жабырлануучу тарап дагы бул кылмыш иши боюнча өндүрүштү элдешүүгө жана материалдык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу токтотууну суранып, ошондой эле айыпталуучуга эч кандай дооматы жоктугун түшүндүрдү. Буга байланыштуу соттун чечими менен Т.Жаныбек уулунун айыптоосу боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек,  ӨКМдин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков 1-июнга караган түнү сабалган. Ал ооруканага 4-июнда гана жеткирилген. Анда жоокердин табарсыгы жарылганы аныкталган. Окуя жакындарынан жашырылган. Башкы прокуруратура бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгогон жана келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан бир аскер кызматкери кармалган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жоокер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>