«Ак-Кула» ат майданы Бишкек шаарынын балансына кайтарылды

«Ак-Кула» ат майданы Бишкек шаарынын балансына кайтарылды

Бишкек мэриясы узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин, жалпы аянты 54,9431 гектарды түзгөн «Ак-Кула» ат майданы шаардын балансына кайтарып алды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, кайсы бир убакытта жалпы аянты 57,4 гектар ипподром жаңы идентификациялык коддорду ыйгаруу менен 39 көз карандысыз кыймылсыз мүлк бирдигине бөлүнгөн.

«Мыйзамсыз менчиктештирип алууга байланыштуу Ленин районунун прокуратурасы жеке менчик укуктары жөнүндө мэриянын токтомдорун жана мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө 33 доо арызын сот органдарына берген», — деп айтылат маалыматта.

Шаардык бийликтен белгилешкендей, бүгүнкү күнгө карата «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана имаратты техникалык инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

«Өлчөөнүн жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлк объектине мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алынат», — деп кошумчалашты мэриядан.

Белгилүү болгондой, калган жер тилкелери боюнча соттук иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>