УКМК жаңы имараттуу болот (сүрөт)

УКМК жаңы имараттуу болот (сүрөт)

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган комитеттин билдиришти.

Белгилүү болгондой, УКМКнын жаңы имараты президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен салынууда.

Бүгүн, 29-майда аталган имараттын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өткөн. Ага Камчыбек Ташиев, УКМКнын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери катышкан.

«Камчыбек Ташиев мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу жогорулай турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ал өздүк курамга кызматтык тапшырмаларды так аткарып, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жигердүү күрөшүүнү улантуу керектигин эскертти», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>