Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн келинге жаңы үй курула баштады — видео

Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн келинге жаңы үй курула баштады — видео

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен менен Бишкектин Ак-Ордо конушундагы 4 балалуу Марал Шараболотовага жаңы заманбап үй куруп берүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кабарлады.

Жакында эле соттун чечими менен Марал Шараболотованын үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган.

Эске сала кетсек, Шаболотованын үйү соттун чечиминин негизинде ушул жылдын 1-мартында түрттүрүлгөн. Окуя социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жаратып, жергиликтүүлөр бийликтин жогорку бутагына кайрылып, кырдаалга адилет чечим чыгарып берүүнү суранышкан. 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, окуянын чоо-жайы менен таанышкан.

Президент Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн келин менен жолукту — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>