Президент Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн келин менен жолукту — видео

Президент Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн келин менен жолукту — видео

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Ак-Ордо конушуна барып, жакында эле соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотова менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал билдиргендей, бул кабар коомчулукта чоң резонанс жараткандыктан, президент маселени жеринде териштирүүнү чечкен.

«Садыр Жапаров окуянын чоо-жайын сураштырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы, мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан.

Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан. Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда», — деп жазды ал.

Жолугушуунун жүрүшүңдө президент Жапаров териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>