Ак-Өргө конушунунда тез жардам станциясы ачылды

Ак-Өргө конушунунда тез жардам станциясы ачылды

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунунда жайгашкан тез жардам станциясынын  ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чара Ленин районунун башчысынын орун басарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын ККБсынын башчысынын  орун басарынын,  ошондой эле Катар кайрымдуулук фондунун жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан унаа токтотуучу, унаа жуучу жайларды уюштуруу, ошондой эле ички жана тышкы тармактарды куруу  иштери аткарылды.

Медициналык мекемеде амбулатория, фельдшердик пункт, жетекчинин кабинети, медициналык кабинеттер, диспетчердик пункт, тазалоочу шаймандарды сактоо үчүн санитардык жай, дары-дармектер үчүн кампа жайгашкан.

Эскерте кетсек, тез жардам станциясынын курулушу Катар кайрымдуулук фонду менен биргеликте каржыланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>