Бишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдө

30.09.2026 | 16:56
Бишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдө — Новости Кыргызстана

Бишкекте иттерди сейилдетүүгө арналган атайын аянтчаларды түзүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай аянтчалар Тоголок Молдо атындагы скверде, Иманалы Айдарбеков көчөсүндө (мурдагы Жаш Гвардия бульвары), ошондой эле Эркиндик бульвары менен Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде пайда болот.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, коомдук жайларда үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын аянтчаларды уюштуруу тапшырмасын мэр 26-августта шаардагы сейил бактар менен скверлерди кыдыруу учурунда берген.

Иманалы Айдарбеков көчөсүндө даярдык жана курулуш иштери башталды. Аларды Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө. Тоголок Молдо атындагы скверде да иттерди сейилдетүү үчүн өзүнчө аянтча уюштуруу каралган.

Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги аянтчанын аянты болжол менен 300 чарчы метрди түзөт. Ал бийиктиги 1,8 метр болгон тосмо менен курчалат. Кире беришине жаныбарлардын сыртка кокусунан чыгып кетишине жол бербеген эки катар металл дарбазалуу тамбур орнотулат.

Аймактын негизги бөлүгү чөп менен капталып, иттердин эркин жүрүүсүнө арналат. Болжол менен үчтөн бир бөлүгүндө шагыл төшөлгөн эс алуу жайы уюштурулуп, бастырма, отургучтар жана үстөл орнотулат.

Мындан тышкары, иттер үчүн жантайыңкы дөңсөө жана туннель түрүндөгү оюн конструкциялары, ичүүчү суу түйүнү, таштанды челектери жана аянтчаны пайдалануу эрежелери жазылган маалыматтык такталар орнотулат.

Мэриядан белгилешкендей, атайын аянтчаларды түзүү үй жаныбарларын коопсуз сейилдетүүгө шарт түзүп, шаардагы сейил бактар менен скверлерди башка тургундар үчүн да ыңгайлуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Рубрики: Коом
Scroll to Top