Ак-Сууда «Йакын-Инкар» уюмуна үгүттөп жүргөн адам кармалды

Ак-Сууда «Йакын-Инкар» уюмуна үгүттөп жүргөн адам кармалды

Ак-Суу районунда «Йакын-Инкар» диний экстремисттик уюмдун өкүлү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы маалымдады.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун милициясына белгисиз азия улутундагы топ адамдар тараптан, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган мыйзамсыз «Йакын-Инкар» диний экстремисттик ишин уюштуруп, жаранадарды даават түрүндө үгүттөп жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Маалымат электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, шектүүлөрдүн бири аныкталып, ал Ак-Суу РИИБдин ЭММКАКта профилактикалык каттоодо турган Ак-Суу районуна караштуу Орлиное айылынын 53 жаштагы К.Н. аттуу жаран болуп аныкталган.

Ак-Суу райондук соттун токтомунун негизинде, аталган шектүү жарандын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүү учурунда, диний маалымат форматын камтыган таратма материалдар (диск, блокнот, баракчалар) табылып, далил зат катары алынып, тийешелүү экспертизага текшерүүгө жөнөтүлгөн.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча далил зат катары табылып алынган материалдар Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын идеологиясы камтылгандыгын көрсөткөн.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

«Йакын-Инкар» агымынын ишмердүүлүгү 2017-жылы экстремисттик деп таанылган, буга чейин кыймыл Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн эркин жүргүзүп келген.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>