Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
Ак-Сууда тоо тарапка кеткен эки киши дайынсыз болууда
04.10.2021 | 11:44
Ак-Суу районунда “Баш-Көл” тоо тарапка кеткен эркек жана аял дайынсыз болуп, изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрда 45 жаштагы А.М (эркек) жана 46 жаштагы Р.М (аял) атту жарандар аталган райондун Эңилчек айылынан чыгып, “Баш-Көл” тоо тарапка кетишкен. Алар кайра 28 сентябрда кайтып келишмек. Бирок, алар кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ошондон бери алар дайынсыз болууда.
Мындан улам туугандары издөө иштери өз алдынча жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.
“Бүгүн, 4-октябрда таңкы саат 06:00 ӨКМнин жалпы 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталды”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом