ЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыкты
Максат Касенов өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин тергөө абагына жөнөтүлдү
04.10.2021 | 11:23
Активист Максат Касенов 30-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасын 2-октябрда аталган райондук сот караган. Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50 тергөө изоляторуна камакка алынат. Аталган жайда өтө оор кылмыш жасагандар кармалат.
Активист Максат Касенов киши өлтүрүүгө шектелип, 1-октябрда милиция кызматкерлери тарабынан Каракол шаарында кармалып, сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигинин имаратына алынып келинген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом